super.kg logo

Ош шаарында Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

 

Бүгүн, 22-февралда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу концерттик программа болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдик өздүк курамы, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү катышты.

Иш-чарада бир катар техникалык жабдуулардын жана курал-жарактардын көргөзмөсү өттү. Мындан сырткары аскер кызматкерлеринин Ата Мекендин чек арасын коргоого кошкон салымы баса белгиленип, татыктуу кызмат өтөө шарттарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтылды.

Ошондой эле мыкты кызматы жана жоокерлердин аскердик-патриоттук духун чыңдоого кошкон салымы үчүн бир катар тийиштүү кызматкерлер Ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты. Иш-чара шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган майрамдык программа менен жыйынтыкталды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2022. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: