Былтыр 10 миң 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды
Былтыр 10 миң 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата берилген убактылуу коргоо ордерлери 9038, анын ичинен:
- жабыр тарткан эркектерге 311;
- аялдарга 8 миң 463;
- жашы жетелектерге 264.
Ошондой эле ордер үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга дагы берилген, анын ичинен зомбулук жасаган эркектерге 8 миң 599 же (95,2 пайыз), аялдарга 439 же (4,8 пайыз).
Берилген убактылуу коргоо ордерлеринин ичинен: (Бишкек шаары - 3518, Чүй облусу - 2337, Ош шаары - 373, Ош облусу - 573, Баткен облусу - 286, Жалал-Абад облусу - 649, Ысык-Көл облусу - 704, Нарын облусу - 317, Талас облусу - 281).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.