super.kg logo

Талант Мамытов Орусиянын Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы менен жолукту

 

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз мамлекети менен Орусиянын диний-агартуу мекемелеринин ортосундагы байланышты өнүктүрүү жана бекемдөө, диний чөйрөдө натыйжалуу саясатты ишке ашыруу, диний жана светтик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Муну менен катар диний багыттагы жалпы көйгөйлөр айтылып, терс кесепеттердин алдын алуу үчүн жетиштүү көңүл буруу керектиги белгиленди.

Ошондой эле Талант Мамытов аталган маселелер боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, бул жаатта Орусиянын дин башкармалыгы менен биргелешкен иш-аракеттер күчөтүлөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде Равиль Гайнутдин коомдогу тынчтык жана ынтымак башкы артыкчылык болушу керектигин айтып, Орусия мусулмандары Кыргыз мамлекетиндеги диндештери менен бирге экенин, дайыма кыргыз элинин жаркын келечеги жана гүлдөп-өсүшү үчүн дуба кылышарын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар жогоруда аталган темалар боюнча мындан ары да кызматташуу зарылчылыгын белгилешти.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында парламенттик делегация Москвадагы Собордук мечитти да көрүп чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: