super.kg logo

Бишкектин мэри: "Шаарда 104 кичи автобустук каттамды менчик ташуучулар тейлейт"

 

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутаттар Бишкек шаарынын мэринин калаадагы жол-транспорт жана курулуш иштери боюнча маалыматын укту.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өз сөзүндө шаардык муниципалитеттин ишинин негизги багыттарына, транспорт жана курулуш тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолду. Ошондой эле коомдук транспорт тууралуу сөз кылган калаа башчысы учурда жүргүнчүлөрдү ташуу иши муниципалдык ишканалар менен бирге менчик жүк ташуучулар тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирди.

“Бишкек шаарындагы 104 кичи автобустук каттамды менчик ташуучулар тейлейт, алар күн сайын каттамдарга 1300-1700 кичи автобустарды чыгарышат. Ошол эле учурда кошумча 1500-1700 автобусту киргизүү зарылчылыгы бар. Андыктан коомдук транспортту сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 миллиард 500 миллион сом каралган”, – деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: