Кайсынысы өзгөчө жана кооз? Өлкөдөгү Жогорку окуу жайларынын эмблемалары (сүрөт)
Эмблема – маанилүү түшүнүктү же абстракттуу идеяны кандайдыр шарттуу белгинин же сүрөттүн жардамы менен түшүндүрүү, белгилөө. Мисалы, беш жылдыз Кызыл Армиянын эмблемасы. Эмблема символдон айырмаланып, түшүнүктүн мазмунун же идеясын көркөм чагылдырууга аракет кылбайт жана алар менен шарттуу түрдө гана байланышып турат. Сөз колдонуу практикасында көбүнчө «символ» менен «эмблема» терминдери жакындашып кетет.
Тарыхка таянсак, эмблема байыркы грек полисинде жоокерлердин калканына же туулгасына жасалгалоочу кооздук катары пайда болгон. Римде ал буга чейин статусун жана социалдык абалын же тигил же бул легионго таандык экендигин көрсөткөн. Бүгүнкү күндө эмблемалар эки максатта, атап айтканда, белгилөө жана коргоо максатында колдонулат. Гербдер күч структураларын белгилөөдө, ошондой эле геральдикада кеңири колдонулат. Өлкө боюнча 33 мамлекеттик, 38 мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлары бар. Бул ирет айрым жогорку окуу жайлардын эмблемаларын топтодук. Кайсынысы мыкты экендигине өзүңүз баам салып көрүңүз.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмблемасы.
Бишкек шаарында жайгашкан. Окуу жай 1925-жылы 25-октябрда Кыргыз агартуу институту катарында уюшулган. 1928-жылда Кыргыз борбордук педагогикалык техникум болуп өзгөртүлгөн. 1932-жылда – Кыргыз педагогикалык институту болгон. 1951-жылда – Кыргыз мамлекеттик университети. 1972-жылы – СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. 1993-жылда – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети. 2002-жылдан тарта - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болуп аталган.
Кыргыз экономикалык университеттин эмблемасы.
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети адистештирилген экономика тармагындагы азыркы күндө зарыл болгон кадрларды даярдоодогу мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп эсептелет.
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин эмблемасы.
1993-жылы Кыргыз өлкөсүнүн жана Орусия Федерациясынын ортосундагы кызматташтык жана эки тараптуу достук, жардамдашуу келишиминин негизинде түзүлгөн.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин эмблемасы.
1995-жылы Кыргыз өлкөсү жана Түркия мамлекетинин ортосундагы келишимдердин негизинде Бишкек шаарында курулган. Бүгүнкү күндө бул окуу жайда 6 миңден ашуун студент билим алууда. Түрк тилдүү элдердин биригиши үчүн алтын көпүрө болуп саналат.
Кыргыз-Кувейт университетинин эмблемасы.
Аталган окуу жай 1999-жылы ачылган. Кыргыз-Кувейт университети акысыз билим берүүчү, мамлекет эмес билим берүү мекеме.
Жалал-Абад мамлекеттик университети 1993-жылы 2-апрелде президенттин указы менен ачылган.
Борбордук Азиядагы Америка университетинин эмблемасы.
1993-жылдан бери БААУ Борбордук Азияда демократиялык өзгөртүүлөрдү аткара турган жетекчилерди даярдайт.
Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин эмблемасы.
"Ала-Тоо" Эл аралык университети 1996-жылы «Себат» билим берүү мекемеси менен өлкөнүн Билим берүү жана илим, маданият министрлигинин ортосундагы келишимге ылайык негизделип, 1997-жылдан тарта иштей баштаган.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эмблемасы.
Ал өлкөдөгү эң эски университеттердин бири болуп саналат.
Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин эмблемасы.
Аталган университет 2019-жылга чейин Бишкек гуманитардык университети болуп аталып келген.
Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин эмблемасы.
Бул архитектура, курулуш, экономика, транспорт, экология, компьютердик жаңылануу технологиялары жана чоң илимий борбор облустун жогорку жана профессионалдык системасындагы базалык жогорку окуу жайы болуп эсептелинет.
Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын эмблемасы.
Республикада Иса Ахунбаев атындагы врачтарды даярдоочу жогорку окуу жайы. 1939-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык институту болуп уюшулган.
Кыргызстан Эл аралык Университетинин эмблемасы.
Аталган жогорку окуу жай 1993-жылдын 11-мартынан тарта иштей баштаган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, ошону менен бирге ИИМдин системасына башкаруучу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашырган жалгыз жогорку окуу жайы. 1969-жылдын 19-майында түзүлгөн.











1 |