super.kg logo

Баткенде Ата Мекенди коргоочулар күнүндө милиция кызматкерлери сыйланды

 

Баткенде Ата Мекенди коргоочулар күнүндө милиция кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-февралда Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Баткен ОИИБинин өздүк курамы сыйланды. Анда Баткен ОИИБинин жетекчиси Мурат Боронов өздүк курамды Мекен коргоочулар күнү менен куттуктап, ИИМдин сыйлыктарын тапшырды.

“Өлкөбүздө эрктүү, намыстуу, туруктуу мүнөздөгү жигиттерибиз көп болсо мамлекетибиз бекем болот. Жарандарыбыздын тынчтыгы үчүн мекен алдында ар дайым берген антыбызды бийик кармап, ак кызмат кылууга милдеттүүбүз” деп өздүк курамды куттуктап кетти.

Салтанаттуу иш-чарада кызматынан өзгөчөлөнгөн кызматкерлер ИИМдин медалдары, ардак грамоталары менен сыйланышып, кээ бир кызматкерлер кезектеги чиндерин алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: