9 күн мурун Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган адамдар дале табыла элек
Көк-Арт ашуусунда 14-февралда түшкөн кар көчкүнүн алдында калган адамдар дале табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Тогуз-Торо районунда кар көчкү алдында калган 4 адамды издөө иштери, бүгүн, 23-февралда да уланууда. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 59 куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүүдө. 3 кинолог иттер жана атайын издөөчү каражаттар, анын ичинде темир издөөчү каражаттары колдонулууда. Ошондой эле ал жерде 9 атайын техника карды тазалоодо”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, жол оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан “Чайно Роуд” кытайлык компаниясынын 4 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калган.

