super.kg logo

Балдар дагы харассментке кабылышабы? Психологдун жообу

 

Порталыбыздын "Психолог менен маек" рубрикабызда бул жолу харассмент тууралуу сөз кылабыз. Харассмент тууралуу суроолорубузга психолог Алтынай Кариева жооп берди.

- Харассмент деген эмне? Анын кандай түрлөрү болот?

- Харассмент деген англис тилинен которгондо ыдык көрсөтүү дегенди түшүндүрөт. Бирок бул сөздүн мааниси чоң. Жөнөкөй тил менен айтканда, харассмент адамдан чегине, мейкиндигине уруксаты жок кийлигишүү. Харассментти эки түргө бөлүп койсок болот. Биринчиси сөз аркылуу. Мисалы, сөз аркылуу тийишүү сөздөрүн айтуу, ышкыруу, аудио жиберүү. Ал эми экинчиси физикалык жактан (денесине кол тийгизүү, кучактоо, чымчып алуу) жасалган аракет.

Европа, Америка өлкөлөрүндө жумуш учурунда адаттан тыш комплимент айтуу, көз кысуу харассмент болуп эсептелет. Ал эми бизде, Орто Азияда харассмент деген сөз ыдык көрсөткөн учурду айтып калышат. Мисалы, зордук болгон соң харассмент болду дешет. Бирок андай эмес. Буга чейин айтып келгендин баары харассментке кирет.

- Харассменттин адамдын психологиясына тийгизген терс таасирлери кандай болот? Эгер адам (кыз, аял киши) харассментке учурап, бирок көңүл бурбаса эмнеге алып барышы мүмкүн?

- Негизи бардык таасирлери терс. Харассмент бардык жерде: жумуш учурунда, ооруканада, мектепте, эшикте, маршруттук таксиде болушу мүмкүн. Жөн гана мунун өзгөчөлүгү харассмент деген вертикалдуу мамилени түшүндүрөт. Мисалы, дарыгер өзүнүн бейтабына көрсөткөн харассмент болушу мүмкүн.

Психологиялык жактан караганда харассментке кабылган адам өзүн күнөөлүү сезиши мүмкүн. "Өзүм туура эмес кийинип же боёнуп алдым окшойт" деп өзүн күнөөлөп баштайт. Мындай жагдайда жабырлануучу өзүн күнөөлүү сезбеши керек.

Терс таасирлери стресске, депрессияга, өзүн жемелөөгө алып келет. Тилекке каршы, кээде өзүн өлтүрүүгө чейин алып барышы мүмкүн деп ойлойм.

Дагы бир белгилеп кетчү жагдай, эгер жабырланучу харассментке кабылганы тууралуу эч кимге айтпаса, харассментке жол ачкан адам мындай кадамдарын уланта бериши ыктымал. Токтотуп калууга аракет кылуу зарыл.

- Харассментти кандайдыр бир кылмыштуу ишке жол ачуу деп түшүнсө болобу?

- Албетте, буга эгерде харассментке кабылганда алдын албаса, сексуалдык зомбулукка чейин алып келиши ыктымал. Ага чейин жабырлануучу психологиялык зомбулук көрүп келет. Бул кылмыш ишине кириши керек. Бирок чет өлкөлөрдө бул кылмыш иши катары каралган. Тилекке каршы, биздин мыйзамдарда харассмент деген сөз кездешпейт.

- Балдар дагы харассментке кабылышабы?

- Ооба, бул мектепте дагы болушу ыктымал. Мисалы, мугалимдин балага болгон харассменти болушу мүмкүн.

- Харассментке жол бербөө же адамдын "чек арасын" бузбоо үчүн эске алчу жагдайлар кайсы?

- Негизи чек арасын деп туура айттыңыз. Биринчи чегин бузганга чейин биз өзүбүздүн чегибизди билишибиз керек. Комплимент, харассментти ажырата билүү зарыл. Харассментке туш болгон учурда ал тууралуу айтуу керек. Мисалы, "мага мындай сунушту айтпа, бул тамашаң абалга туура келбейт" деп ачык эле айтуу абзел.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: