super.kg logo

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кыргыз элин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кыргыз элин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Анын куттуктоосу ИИМдин расмий сайтына жарыяланды.

Улан Ниязбековдун мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосу:

"Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу кесиптештер жана ардагерлер! Сиздерди Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! 23-февраль - кайраттуу жана эрктүү адамдардын майрамы. Бул майрам намыскөйлүүлүктүн, чыдамкайлуулуктун символу жана өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган жана бүт өмүрүн мекенге кызмат кылууга арнагандардын башын бириктирип турган күн. Майрам эрктүүлүктү жана рухтун күчтүүлүгүн, кайраттуулукту жана баатырдыкты туюндурат. Жүрөгүбүздү сыймыктануу жана терең урматтоо сезими менен толтурат. Ички иштер министрлигинин өздүк курамы легендарлуу мурасты сактоо жана улантуу менен мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгүн бекемдөө, жарандарды кылмыштуу кол салуулардан ишенимдүү коргоону камсыздоо үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүүдө, күнү-түнү жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздоодо алдыңкы катарда турушат. Коргоого муктаж болгондордун бардыгына жардам берүүгө ар дайым даяр.

Ак ниет эмгегиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздер Кыргыз Республикасынын ИИМдин алдында турган маанилүү жана жооптуу милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарасыздар деп ишенем. Коомдук тартипти сактоого, азыркы милициянын ишмердүүлүгүнө жана жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого катышууну улантып жаткан ардагерлерге дагы таазим жана чоң рахмат. Майрамыңыздар менен кымбаттуу достор! Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык каалайм.

Асманыбыз ачык болуп, өлкөбүздө ынтымак болсун!", - деп жазылат Ниязбековдун куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: