super.kg logo

Президент Кыргыз-Тажик жаңжалында октон жаракат алган чек арачыга батир берди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Көк-Таш" чек ара заставасынын башчысы Мирбек Султанбек уулу жана чек ара жаңжалында каза болгон прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жубайы Гүлхайо Кодирова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы чек арачы Мирбек Султанбек уулунун ден соолугун сурап, анын тезирээк сакайып кетишин каалап, мамлекеттик чек араны коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Президент Мирбек Султанбек уулун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, ага Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды.

Ал эми Бекзодбек Юлдашевдин келинчегине дагы бир жолу көңүл айтып, ага жана балдарына ден соолук, узун өмүр каалап, материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-майында Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяда Мирбек Султанбек уулу октон жаракат алган. Ал "Эрдик" медалы менен сыйланган.

Чек ара кызматынын прапорщиги Бекзодбек Юлдашев 2021-жылдын апрель айында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы тилкесинде куралдуу кагылышта каза болгон. Ал курман болгондон кийин "Эрдик" медалы менен сыйланган. Анын үй-бүлөсүнө да буга чейин Бишкектен батир берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
23.02.2022. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзгөндүк балага да жардам бербейсиңерби?ал дагы Баткенде жаракат алып,майып болуп калыптыр
23.02.2022. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарына тен карагыла!Бир эки адамды алып келип сыйлап элге мактанып отурбай,баарына бардык жактан комок корсоткуло!Ыдырыс Исаковдун [moderated] каналында дагы бир жоокер журот майып болуп,сураган киши жок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: