Ички иштер министри, коргоо министри... Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине наамдарды тапшырды









Бүгүн, 23-февралда президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды. Өлкө башчынын жарлыгына ылайык, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бир катар жооптуу кызматкерлерине наамдар ыйгарылды.
- ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-лейтенанты” наамы ыйгарылды;
- коргоо министри Бактыбек Бекболотовго “генерал-лейтенант” аскердик наамы ыйгарылды;
- ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге “милициянын генерал-майору” наамы ыйгарылды;
- ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовго “милициянын генерал-майору» наамы ыйгарылды;
- коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраевге “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды;
- УКМК төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбековго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды;
- коргоо министрлигинин 01003-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мукамбетовго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн наам алган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аларга жүктөлгөн милдеттерди мындан ары да татыктуу аткара берерине ишенимин билдирди. Аларга мындан аркы кызматына ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.



1 |