super.kg logo

Жыландын да баласы түшпөсүн... СИЗО-1де өткөргөн бир күн

 

СИЗО-1 же №21 тергөө абагы бул кылмыш жасоого шектелген жарандарды сот чечим чыгарганга чейин кармай турчу жай. Аталган абак Бишкектин дал ортосуна 1943-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Дээрлик жарым кылымдан ашык жүздөгөн, балким, миллиондогон адамдын тагдырына, муң-зарына күбө болгон бул жайдын эскилиги деле жетип калган.

Таңкы саат 06:00дөн баштап кызматкерлердин иши башталат. Себеби бул жерге кирип чыккан адамдардын саны үзүлбөйт. Алардын ар бири мына ушул көзөмөл өткөрүү жайынан кылдат текшерүүдөн өтөт. Көбүнесе абакка жактоочу, прокурор, тергөөчүлөр тынымсыз катташат.

Мекемеде шектелген жарандар жакындары жана жактоочусу менен сүйлөшө турган телефондор иштейт.

Шектүүлөргө күнүгө туугандары, тааныштары аркылуу тамак-аш, кийим-кече келип турат. Алар дагы атайын техниканын негизинде текшерүүдөн өткөн соң даректерине жеткирилет.

Биз барган күнү камактагылар кечки тамакка балык шорпосун ичишти. Тамакты абактагыларга соттолгондор жасап беришет. Алар бул кызматы үчүн айлык акы да алышат.

СИЗО-1дин медициналык бөлүмүндө 22 адам иштейт. Алар эртеден кечке бөлүнгөн аймагындагы жарандардын ден соолугу менен алпурушат. Медицина бөлүмүнүн жетекчиси карантин убагында абакта абал кооптуу болбогонун айтат.

Ошондой эле абакта лаборатория бар. Бул жерден өтө оор жугуштуу оорулар менен ооруп жатат деп күмөн санаган камактагылардын анализдери алынып аныкталат.

СИЗО-1дин жетекчиси Нурдин Турусбековдун айтымында, абакка 1 миң 300 адамга чейин кармоого болот. Азыр миңге чукул адам кармалып турат жана аларды 220дан ашык кызматкер күнү-түнү нөөмөттөшүп кайтарышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: