super.kg logo

Талант Мамытов Орусиядагы кыргыздар менен жолукту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москва шаарында кыргыз диаспоралык уюмдарынын лидерлери жана активисттери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз мамлекетин өнүктүрүү маселелерин, андан тышкары эмгек мигранттары туш болгон көйгөйлөрдү талкуулашты.

Төрага Талант Мамытов диаспора өкүлдөрүнө Кыргыз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын социалдык олуттуу маселелерин чечүүгө көрсөткөн көмөктөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Орусиянын аймагында эмгектенген Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо багытында өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди. Муну менен катар Талант Мамытов чет жердеги жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону активдештирүү, ошондой эле мекендештерди өз мекенине кайтаруу өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттары экенин кошумчалады.

Ал эми жолугушуунун катышуучулары миграциялык, социалдык-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык маселелерге токтолушуп, саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Төрага жана депутаттар кыргызстандыктардын Орусияда мыйзамдуу жүрүшүнө жана иштөөсүнө тоскоолдук жараткан системалуу көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурушту. Тактап айтканда, 2021-жылдын 29-декабрынан баштап медициналык текшерүүдөн өтүү зарылчылыгына, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибине тиешелүү түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып жатышканын билдиришти.

"Бул көйгөйлүү маселелер Орусия тарап менен бардык деңгээлде талкууланууда. Медициналык текшерүүдөн өтүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу маселеси менин Орусияга болгон сапарыбыздын күн тартибинин өзөгүн түзүп, Федералдык жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация кэеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен болгон жолугушууларыбыздын негизги темасы болду", - деген Талант Мамытов, мындан ары да өлкө жетекчилиги эмгек мигранттарына тиешелүү көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн сүйлөшүү жараяндарын улантарын айтты.

Ошондой эле төрага орусиялык тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, миграция жаатындагы көйгөйлүү маселелерди биргелешип чечүү боюнча макулдашууларга жетишилгенин жана бул маселелерди карап чыгып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнө тапшырма берилерин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
23.02.2022. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан эмне болду
24.02.2022. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bek0718,орустун пивасын ичип ичип кайтып кетти не болот эле
23.02.2022. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дежурный өкүлдөр менен жолугуптур да,алар эч кандай көйгөй айта алышпайт,баш ийкеп гана олтурушат жугундукорлор
23.02.2022. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят! Ошончо барып бир ууч кошоматчы дужурлорго учурап кайтышат экен да. Ал жерде отургандар кимдер? Саны бар сапаты жок каяктагы ар кандай диаспора, ар кандай коомдук уюмдардын жетекчилери, пайдасы жоктор.

Анан Москвада бизнеси бар байлар. Ар куну 12-15 сааттан эшектей иштеп кыйналып жургон мигранттар жок алардын арасында!
Antiradikal10 түзөттү 2022-02-23 16:48:17
23.02.2022. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талант эшектин көтүн чечтиңби жетим бок жегени келдиңби Мадумаровко бок барбы деймда Кыргызстанда жүргөндө жөн эле акылдуу Москвада тилин жутуп алдыго. Силерден эч кандай пайда жок силердин зыяныңар көп. Шайлоо алдында көт жалагыдай болосуңар эшектер иттер
Akyl78.1501 түзөттү 2022-02-23 20:42:50
24.02.2022. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мунунар орусчаны аран суйлойтко,кантип ушундай кызматка келип калды? Мындай жолугушууга оз оюн орусча так суйлогон адистер келиш керек болчу.
24.02.2022. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yahoo, 2 достун узонгулошу. Учоо чогуу камалып чыккан да. Ошого киндиктеш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: