"Мамлекет аскер кызматкерлерине кам көрүшү абзел". Жогорку Кеңештин төрагасы Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
"23-февраль – бул Кыргыз мамлекетинин ардагерлеринин жана мекен сакчылыгында тургандардын майрамы. Алар дайыма ар намыстуулукту жана каармандыкты туу тутуп, жергебизди коргоп, мекен чегинде турушат. Ар жыл сайын ушул күнү эл-жер үчүн өмүрүн кыйган эр жүрөк баатырларыбызды эскерип, алардын улуулугуна таазим этип, урмат-сый көргөзөбүз.
Кыргыз эли эзелтеден улуу Манас баатыры менен сыймыктанып, эр жүрөк баатырларыбыздын алдында бир колго чогулуп, өз мекенин коргоп келген. Элибиз күчтүү аскери, айбаттуу жоокерлери менен даңктуу жана нарктуу деп айтсак болот.
Кыргыз өлкөсүнүн аскердик-техникалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, жоокерлердин, офицерлердин өздүк даярдыгына кам көрүү жана алардын социалдык абалын жакшыртуу учурдун талабы. Албетте, мамлекет аскер кызматкерлерине кам көрүшү абзел. Бул болсо өлкөбүздүн тынчтыгына, туруктуулугуна жана биримдигине өбөлгө болуп эсептелет. Соңку мезгилде мамлекет тарабынан бул маселеге олуттуу маани берилип жаткандыгы жалпыга маалым.
Жалпыңыздарды дагы бир жолу Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм!
Ар бир үй-бүлөдө бакыт, кут-береке, ынтымак-ырашкерлик орносун. Ардагерлерибизге бекем ден соолук, жоокерлер менен офицерлердин жооптуу кызматында ийгиликтерди каалаймын.
Ал эми Кыргыз өлкөбүздүн асманы ачык болуп, дайыма тынчтык өкүм сүрө берсин", - деп жазылат куттуктоодо.



1 |