Кайра шайлоо. БШКда депутаттыкка талапкерлер менен жолугушуу өттү
Борбордук шайлоо комиссиясында депутаттыкка талапкерлер менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Республикалык штабдын жетекчиси талапкерлердин позициясы абдан маанилүү экендигин белгилеп, мандатка талапкерлерди добуш берүүгө чейин калган кыска мөөнөттө мыйзам бузууга жол бербей, өздөрүнүн үгүт өнөктүгүн мыйзам алкагында өткөрүүгө чакырды.
Алдыдагы шайлоо жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо максатында округдук шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген ар бир шайлоочуга шайлоо участогунун номерин жана дарегин көрсөтүп, кабарлоо таратты. Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 219 654 адам, алардын ичинде №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча 113 105 шайлоочу, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча 106 549 шайлоочу киргизилди.
БШК талапкерлер үчүн шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү кандай эсепке алынары, добуштар кандай саналары, ал маалыматтарды контролдоонун жана кайра текшерүүнүн кандай жолдору бар экендиги тууралуу маалымат берди.

