super.kg logo

Жарыксыз калбаңыз. "Түндүк электр" карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрө баштайт

 

"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына карызы бар 5 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карызы бар абоненттердин жарыгы эртең, 25-февралдан баштап аралыктан өчүрүлө баштайт.

"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты "Түндүк электр" ААКсынын расмий сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: