super.kg logo

Ички иштер министрлиги Синьцзяндын полициясы менен онлайн жыйын өткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун полициясы менен онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-февралда Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин онлайн жыйыны болду.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Олжобек Кеңешбек уулу эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн, КЭР СУАР Коомдук коопсуздук департаментинин достук мамилесин белгиледи.

Ошону менен бирге Олжобек Кеңешбек уулу Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлерине оргтехника түрүндө материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин өкүлү Ван Мин Ды Кытай менен Кыргызстандын чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыз кылгандыгы жана мындан ары тыгыз кызматташууга умтулгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, тараптар укук коргоо ведомстволорунун учурдагы эки тараптуу кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалашып, аны мындан ары өнүктүрүү ниеттерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: