super.kg logo

Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыровдун өмүр баяны

 

Президенттин жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Ал эми аталган кызматты буга чейин ээлеп келген Айбек Жунушалиев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу иштен бошотулду.

Жаңы дайындалган калаа башчысынын өмүр баяны:

Эмилбек Абдыкадыров 1958-жылы Талас облусунун Кара-Ой айылында туулган.

Эмгек жолун 1977-жылы "Фрунзе энерго курулуш" мамлекеттик мекемесинде жыгач уста, сантехник болуп иштөөдөн баштаган.

1982-1990-жылдары Свердлов районунун өндүрүштүк, турак жай-эксплуатациялык трестинин инженер-техникалык көзөмөлү, башкаруучусу. Кийинчерээк Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин өндүрүш жана турак-жай башкармасынын жетекчиси, турак жай-коммуналдык чарба департаментинин, "Бишкекжилремонт" ишканасынын директору жана башка кызматтарды аркалаган;

2002-2005- жылдары вице-мэр;

2008-2010-жылдары Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон.

Ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенип келген.

1990-2004-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешине 3 ирет депутат болуп шайланган.

2020-жылы Ат-Башыдагы логистикалык борборго инвестор болорун айткан кытайлык ишкердин өнөктөшү. Логистикалык борбор жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай калган.

2021-жылы парламенттик шайлоого Талас округу боюнча талапкер болгон.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда ал "ElitTowers", "Kerege Project" компанияларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, ошондой эле "Нур Строй Монтаж" жоопкерчилиги чектелген коомунун тең негиздөөчүсү жана жетекчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
24.02.2022. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкекти ботко кылып буттуго. Тузук адам дайындалбай. Бул Жапаровдун неси болот экен?
24.02.2022. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кресло алмаштыргандан эч нерсе озгорбойт
24.02.2022. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каяктагы шалды таап келген
24.02.2022. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы бир старый пердун,бизнесмен
24.02.2022. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунчалык туруксуздук,каша эле болтат,не дейбиз
24.02.2022. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кадрдык саясаттын туруксуздугу,бийликтин эң алсыз жагы ушул экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: