super.kg logo

Екатеринбургда Кыргыз жарандарына алгачкы жолу айдоочулук күбөлүктөр берилди

 

Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз жарандарына алгачкы улуттук айдоочулук күбөлүктөр берилди. Бул туууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочулук күбөлүктөрдү Екатеринбург шаарындагы башкы консул Руслан Бийбосунов тапшырды.

"Башкы консулдук Орусиянын Урал регионунда жүргөн Кыргыз жарандарынан улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн документтерди 2022-жылдын 17-январынан тарта кабыл ала баштаган.

Ошол убакыттан бери кабыл алынган документтердин негизинде айдоочулук күбѳлүктѳр Бишкекте жасалып, биринчилери Екатеринбургдагы Кыргыз өлкөсүнүн консулдук мекемесине келе баштаган", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Орусияда эмгектенген Кыргыз жарандары 17-январдан тарта айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен алмаштыра алышары айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: