super.kg logo

Улан Ниязбеков Нур-Султанда Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев менен жолугушту

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев менен Нур-Султан шаарында жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

"Улан Ниязбеков казакстандык кесиптеши Ерлан Тургумбаев менен жолугушуу учурунда жылуу маанайда тосуп алгандарына абдан кубанычта экенин билдирди. Тараптар эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы өз ара мамилени чыңдоо, кызматташууну өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 2021-жылдагы эки тараптуу жолугушуудан кийин эки мамлекеттин укук коргоо ишмердигинде жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө бир катар маселелер чечилип, кылмышкерлерди издөө, баңги кылмыштуулугу, экстремизм жана мыйзамсыз миграция багыттары боюнча натыйжалуу иштер жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

Эки министрликтин ортосундагы өз ара кызматташууга өзгөчө маани берилип, тыгыз кызматташуунун сапатын мындан ары да жогорулатуу аракети көрүлүүдө. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: