super.kg logo

Кезек күтүп жатасызбы? Мамлекеттик ипотека үчүн каражаттарды бөлүү темпин тездетүү тапшырмасы берилди

 


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин катышуусунда "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Жыйында аталган ишкананын фондун жогорулатуу планы тааныштырылып, "Менин үйүм-2021-2026" программасын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер талкууланды. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашат.

"Азиз Аалиев мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасын ишке ашырууга каражаттарды бөлүү темпин тездетүү жана ипотекалык насыяга болгон калктын бардык муктаждыгын канааттандыруу зарылдыгы тууралуу билдирди. Буга байланыштуу Финансы министрлигине тийиштүү тапшырма берди. Ага ылайык, март айынын аягына чейин 1 миллиард сомго чейин каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана андан соң 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" уставдык капиталын 8 миллиард 500 миллион сомго көбөйтүү зарыл.

Мындан тышкары Азиз Аалиев Экономика жана коммерция министрлигине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана "Мамлекеттик ипотекалык компанияга" турак жай курулушун стимулдаштыруу максатында ипотекалык насыялоо программасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасын берди", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: