super.kg logo

21 жаштагы модель Саадат Асылбекова "Дүйнөнүн топ модели" сынагына катышуу үчүн Египетке учту

 
Кыргыз модели Саадат Асылбекова "Дүйнөнүн топ модели" сынагына катышуу үчүн Египетке учуп кетти. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, сынак 27-февралдан 14-мартка чейин Египетте өтөт.
"21 жаштагы модель бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 10:35те сынакка катышуу үчүн "Манас" аэропортунан Хургада шаарына учуп кетти. Саадат Асылбекова өзү менен бирге эл аралык жана ата мекендик бренддердин 26 көйнөгүн алып кетти.
Ошондой эле модель ата мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан жасалган сүрөт жана жоолуктарды алды. Бул нерселер маектешүү учурунда катышуучуларга жана калыстар тобуна сунушталат.
Саадат абройлуу моделдер сынагына катышуу үчүн эки айдан ашык даярдык көрдү. Бул убакыттын ичинде Саадат англис тилин үйрөнүп, спорт менен машыкты, психология курстарына барып, хореографиядан сабак алды. Мелдеште Саадат Асылбекованын милдети олуттуу, анткени анын 74 атаандашы - дүйнөнүн бардык бурчунан келген эң сулуу профессионал моделдер бар. Хургададагы сынактын негизги этаптарынын бири - калыстар тобу менен болгон маек, анда ага 3 мүнөт убакыт берилет. Калыстар тобунун бардык суроолоруна англис тилинде жооп берип, өлкөбүз жөнүндө айтып бериши керек", - дешти дирекциядан.
Саадат Асылбекова 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: