super.kg logo

Кеминдеги 16 жаштагы кыздын өлүмү: Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

 

Кеминде 16 жаштагы мектеп окуучусу Ольга Хабарованын өлүмүнө шектүүгө сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Соттун чечими кечээ, 24-февралда чыккан.

Окуянын чоо-жайы:

21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин РИИБине аталган райондун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.

Маркумдун апасы Лилия Хабарова SUPER.KG порталына шектүү баштапкы көрсөтмөсүнөн танып жаткандыгын билдирген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: