super.kg logo

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтер каралып, жактырылды

 

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтер каралып, жактырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар төмөнкүлөр:

  • "Евразия экономикалык биримдигинде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу" маселе алкагындагы тапшырма;
  • "Электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө жана жана Казакстан Республикасы тарабынан Дүйнөлүк соода уюмуна колдонуу шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин алымдарынын ставкаларына салыштырмалуу ташып келүү бажы алымдарынын төмөн ставкасы колдонулган товарлардын тизмегине жана мындай алымдардын ставка өлчөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма;
  • "Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги жөнүндө" тескеме;
  • "Евразия экономикалык биримдигинин 2014-жылдын 29-майындагы келишимине физикалык жактар тарабынан товарларды электрондук соода жүргүзүүдө кыйыр салык алуу тартиби жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору жөнүндө" маселе алкагындагы тапшырма;
  • "Евразиялык агроэкспресс» айыл чарба продукциясын тездетилген темир жол рельси аркылуу ташууну ишке ашыруу боюнча Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоору жөнүндө тескеме";
  • "Бажы биримдиги комиссиясынын айрым транспорттук каражаттардын түрүнө карата айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" маселе алкагындагы тапшырма;
  • "Евразия экономикалык биримдигинин айрым демилгелерине Өзбекстандын катышуусу жөнүндө" маселе алкагындагы тапшырма;
  • "Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердеги макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө" буйрук;
  • "Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандык авиакурулуш жаатындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча 2022 – 2023-жылдарга иш-чаралар планы ("жол картасы") жөнүндө» тескеме;
  • "Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" тескеме;
  • "Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2022-жылдын 21-22-июнунда Брест шаарында (Беларусь Республикасы) өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: