Украинадагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн Румыния аркылуу маршрут түзүлдү
Украинадагы акыркы кырдаалдарга байланыштуу Кыргыз жарандарын үчүнчү өлкөлөр аркылуу эвакуациялоо үчүн Румыния аркылуу маршрут түзүлдү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлап, Румыния тараптын койгон талаптарын атады.
Маалым болгондой, Бухарест шаарынан учуп чыгуу үчүн:
1. Кыргыз жарандары транзиттик визаны Румыниянын Черновцы шаарындагы Башкы консулдугунан (Школьная көчөсү 16, телефон: +380372545434) алышы керек же евиза.mae.ro шилтемеси боюнча электрондук визаны каттоосу керек.
2. Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат же ПЦР тесттин жыйынтыгы болушу керек.
"Суроолор боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы консулу Эрмек Каныбековго +380997573413, +380442370347 номерлери аркылуу кайрылыңыздар.
Учурда Украинанын бардык аймагында карама-каршы тараптардын ортосундагы согуштук аракеттер жүрүп жатканына байланыштуу жеке коопсуздукка коркунуч келиши мүмкүн экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз. Ушуга байланыштуу жашаган жериңиз коопсуз болсо, элчилик Украинанын аймагындагы кырдаал жөнгө салынганга чейин ошол жерде калууну сунуштайт", - дешет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Dftyhbv

26.02.2022. 09:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уруш болот деп бир айдан бери жоорап жатат балаа барбы деймда чыккыла берака
Spb

26.02.2022. 10:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тоок котуно келгенде какылыктайт болуптурго буга чейин канча кундон бери айтып келе жаткан болчу
keba300989

26.02.2022. 11:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Spb, Ошол жактагы элдер өздөрү чыгып кетиш керек болчу
nazira...

26.02.2022. 11:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
keba300989,оба да
nazira... түзөттү 2022-02-26 11:41:52
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.