super.kg logo

"Күйөөң сени зордуктап, жыныстык органыңа туз чачканга уруксат берди" дешкен". Ошто адам чыдагыс кыйноого кабылган келин БУУга кайрылат

 

Ошто кыйноолорго кабылган 45 жаштагы Наргиза Ражапова Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кайрылат. Бул тууралуу "Акыйкат" укук коргоо уюму тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, Наргиза Ражапова 4 жылдан ашык убакыт мурда облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кыйноолорго алынган.

Айтымында, Ош ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө катыштыгы болушу мүмкүндүгүнө байланыштуу башкармалыктын ыкчам кызматкерлери Ражапованы кыйноого алышкан. "Үч кызматкер терезелерди жаап, баштык кийгизип, ийне менен сайып, кыйнап, сөгүп, түкүрүп, зордуктайбыз деп коркутушкан", - дейт жабырлануучу.

Наргиза Ражапова ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратынын жанына дүкөн ачкан. Ал эми өлтүрүлгөн милиционер кээде ошол дүкөндөн соода кылып турган. Каза болгон милиционер акыркы жолу телефон аркылуу байланышкан адамдардын бири Наргиза Ражапова болгон. Мындан улам башкармалыктын ыкчам кызматкерлери күнөөнү моюнга алдыруу аракетин көрүшкөн.

"Алар киши өлтүрүү тууралуу айтышкан жок. Мага өлтүрүлгөн адамдын көңүлдөшү болуп, күйөөм кызганган деген жалааны моюнга ал дешти. "Күйөөң сени зордуктап, жыныстык органыңа туз чачканга уруксат берди" дешкенде ыза болдум. Адегенде жолдошумдун ушинтип айтканына да ишенгем, анткени мунун баарын ынанымдуу айтышкан", - дейт Ражапова.

Ыкчам кызматкерлердин калп айтканын Ражапова күйөөсү менен сүйлөшкөндөн кийин гана түшүнгөн. Милиционердин өлүмү боюнча Наргиза айымдын баласы жана агасы да кармалып, алар бошотулганда күйөөсү күнөөнү өзүнө алган.

10 күндөн кийин Ражапованын бир тууганы Мурат Ражапов кайра кармалган. Милиция кызматкерлери мурда спецназдын офицери, ал тургай кара курдун ээси болгон кишини майып адам (Ражапованын күйөөсү) жалгыз кантип көтөрө аларынан күмөн санашкан.

Бул окуя, анын ичинде ыкчам кызматкерлердин шылдыңдаган мамилеси аялдын ден соолугуна терс таасирин тийгизген. Наргиза айым психологиялык травмадан тышкары боюнан да түшүп калган. "УЗИге текшерилгем, 2,5-3 айлык боюмда бар болчу. Эгиздер болчу. Ал жерден чыкканда бир түйүлдүк өлүп калды, экинчисин сактап калайын дегем, бирок болбой калды", - деп эскерет Наргиза.

Сот Наргизанын иниси менен күйөөсүн милиционерди өлтүргөн деп айыптап, аларга катуу жаза берген. Биринчи инстанция күйөөсүн 17 жылга, экинчиси - өмүр бою, ал эми агасына биринчи инстанция - 7 жылга, экинчиси - 12 жылга эркинен ажыраткан. Ражапова учурда күйөөсү менен агасынын күнөөсүз экенин далилдей албай жатканын айтууда. Ал тургай башкы прокурор жана УКМКнын жетекчиси менен болгон кабылдамага да барган. Алар баарын чечип берүүнү убада кылышкан. Бирок эч кандай жыйынтык жок.

Наргиза аны кыйнагандардын жазага тарткысы келет. Ал ыкчам кызматкерлери зордук-зомбулукка гана эмес, адам өлтүрүүгө да айыптоодо. "Алар чындап эле эки адамды, эки төрөлө элек баланы өлтүрүштү", - дейт Ражапова.

Наргиза Ражапова кыйноолорго кабылганы тууралуу арыз жазган. Бирок бул боюнча ишти кыскартуу чечими 2021-жылдын 22-октябрында чыккан. Дээрлик төрт ай бою Ражапова да, анын мыйзамдуу өкүлдөрү да сотко чейинки өндүрүштү токтотуу боюнча чечимди алышкан эмес.

2022-жылдын 21-февралында тергөө судьясы жактоочулардын даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Мындан улам жабырлануучу БУУга кайрыларын айтарын белгилешти уюмдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(10)
26.02.2022. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кантип бироосу боюнан тушсо экинчиси сактап калса болобу.
26.02.2022. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Gulina00, Двойняшки болсо бироосу тушсо бироосун сактап калса болот, близнецы болсо сактай албайт
26.02.2022. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Luna7,рахмат билбейт элем
26.02.2022. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кыргызстанда аялдардардын укутары, эркиндиктери диний негизде кескин басмырланып жатат. Эч качан коомдо диний тушунукторду жайылтпагыла. Зомбулука кабылган кыздарды тескерсинче диний негизде каралап, кыздарды куноолу кылып жатышат. Молдолордун жургузуп жаткан дискриминациялык диний саясаты жакшылыкты алып келбейт.
alimbek94 түзөттү 2022-02-26 13:43:16
26.02.2022. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
alimbek94,кыпчылып эле динге каршы боло бербечи корунгон комментарийде
26.02.2022. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
alimbek94, молдолор кыйноого алгандай жазыпсың го.
27.02.2022. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
alimbek94,эээ шакал чочко тилинин тый кымчыла каласында
26.02.2022. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул аялды диндин негизинде эмес ошол сен жактап жаткан СВЕТТИК МЕНТТЕР кыйноого алган.Динге асыла бербе.Кудай жакшылык берсин.
26.02.2022. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бири куйоосу, бири агасы эмес иниси болот. Туура тактап жазгыла!
27.02.2022. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишти жапса болду биздин ИИМ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: