super.kg logo

Ош шаарына Өзбекстандан келген павловния көчөттөрү отургузулду. Эстафета Бишкекке узатылды

 
Ош шаарынын аймагына 10 миң түп павловния көчөтү отургузулду. Иш-чарага шардын бардык кичи райондорунун тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, спортчулар, активисттер жана жаштар катышканын Ош шаардык мэриясынан кабарлашат.
Калаа башчысы Алмаз Мамбетов шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар, журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте облустук профсоюздун имаратынын жанындагы сейил бакта көчөт отургузду.
"Ош шаарынын бардык кичи райондоруна боордош Андижан облусунан келген 10 миң түп павловниянын көчөттөрү отургузулду. Шаарды жашылдандыруу иштерине бардык каалоочулар катыша алышты. Эми жашылдандыруу эстафетасын Бишкек шаарына өткөрүп жатабыз. Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарына 35 миңден ашык бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат", - деп билдирди мэр.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар шаардын жашыл имиджин өнүктүрүү жана экологиялык нормаларды жакшыртуу үчүн массалык түрдө бак отургузуунун маанилүүлүгүн белгилешти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.02.2022. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз,жакшы жоролго баштап...
Ишинизге ийгилик!
26.02.2022. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулдогон турун отургузсанар ушунчалык кооз бактар болот,сиреневый,фиолетовый болуп,башка турлору жашыл болгону менен алар деле кооз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: