super.kg logo

"Кызым менен күйөө балам 5 баласын таштап ичип кетишти". Неберелерин карызга батып баккан таененин тагдыры

 

51 жаштагы Назгүл Өмүрбаева Жайыл районунун Сосновка айылында турат. Ал учурда кыйын күндү баштан кечирүүдө. Анын кызы менен күйөө баласы ичкиликке берилип, баш оогон жакта басып жүргөндөрүнө байланыштуу 5 жээнин жалгыз багып келет. Жардамга муктаж таене SUPER.KG порталына оор тагдыры тууралуу айтып берди.

"Күйөө балам башынан ичет. Кызым да ага эрегишип ичип кетти. Кызымдын чөйрөсү да начар болчу. Алты ай мурун эки бөлмөлүү үйүмдү кыз-күйөөмө таштап, иштеп кеткем. Көп өтпөй кошуналарым чалып, "кызың менен күйөө балаң баягысындай ичип кетти. 5 баласы каралбай калды" деп айтышты. Шашып келсем үйгө милиция келип, балдарды социалдык кызматкерлер алып кеткени жатышыптыр. Мен жээндеримди ар кайсы жакка таратып жибергим келген жок. Өзүм мыйзамдуу түрдө асырап алдым.

Кызым менен күйөө балам ошол окуядан кийин үйдөн чыгып кетишкен. Кызым орто жолдо келип үйдө жатып кетип жүрдү. Экөөнүн тең балдары менен иши жок. Учурда кайда, эмне кылып жүргөндөрүн билбейм. Күйөө баламдын туугандары жок. Өзүмдүн үч балам бар. Алардын улуусу 5 неберемдин энеси. 1992-жылы туулган. Андан кийинки уулум үйлөнүп, шаарда өз алдынча турат. Кичүү баламдын буту сынып шаарда жатат. Жолдошум менен жаш кезимде ажырашып кеткем. Ал дагы ичкиликке берилген неме болчу. Азыркы күнгө чейин ичип жүрөт.

Балдар үчүн жөлөк пул ала албай жатам. Балдарды бакканым үчүн да социалдык фонддон акча бөлүнмөк. Бирок майда-барат документтерди сурай берип эзишти. Аларын чогултканга убактым жок. Чогулткан күндө ар шылтоону айтып жатышат. Неберелеримдин кийимдери жыртык, курсактары ач. Өкмөттөн жардам жок болгондуктан анда-санда идиш жууп иштеп 400 сом табам. Балдарды караганга менден башка киши жок болгондугуна байланыштуу туруктуу жумушум жок. Жээндердин улуусу 10, кичүүсү 3 жашта. Аларды бала бакчага берүүгө да мүмкүнчүлүгүм жетпейт. Учурда кошуналардан жардам сурап, дүкөндөргө карызга жазылып балдарды багып жатам", - деди ал.

КААРМАНЫБЫЗГА ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ КААЛАГАНДАР ҮЧҮН:

ЭЛКАРТ: 9417 3790 0467 7361

БАЙЛАНЫШ НОМЕРИ: 0702 00 96 69, 0553 41 10 30






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.02.2022. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай сактасын кызына куйоо баласына ыйман берсин, эмне эле жээнин деп жатасынар тушунбодум,небереси дегиле
27.02.2022. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жээндери эмес неберелери болот,супердин тупойлору
28.02.2022. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tursunbaev1978,кыздын балдары жээндер болот.
27.02.2022. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызча кызынын балдары жээн деп аталат.
27.02.2022. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жээн небере болот туурасы
28.02.2022. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элкарт дегенге москвадан котороюн дегем фамилия имя деп чыгып жатат кантип котором акча?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: