super.kg logo

Казакстандагы баш аламандык: Музыкант Викрам Рузахунов көрсөтмө берүү үчүн Алматыга чакыртылды

 

Казакстанда январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин бошотулган музыкант Викрам Рузахунов көрсөтмө берүү үчүн коңшу өлкөгө чакыртылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

"Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Алматыга менин катышуумда тергөө амалдарын жүргүзүүгө чакыруу жөнөттү. Мен башында кескин түрдө баш тарттым. Анткени башымдан өткөргөн оор жана коркунучтуу күндөрдү унута элекмин. Жактоочум Нурбек Токтакунов Казакстандын Коррупцияга каршы кызматынын тергөөчүсү бизге келсин деп сунуштады. Алар телефондон жооп берип жатып, тергөө үчүн мен өзүм камалган жерди, мени алып келген имаратты, мени кармаган камераларды көрсөтүп, мени кыйноого алган адамдарды аныкташым керектигин айтышты.

Бул баруу керектигине ынандырды. Жактоочум мени коштоп жүрүүгө макул болду, бирок менин тергөөгө жардам берүү үчүн келгенимди Казакстанда баары эле жакшы кабыл албашына тынчсызданды. Андан сырткары Казакстанда кайрадан баш аламандык башталса, жашообуз коркунучта болот. Ошондуктан биз бир жагынан алып баруу өтүнүчү менен биздин бийликке кайрылсак, экинчи жагынан Коррупцияга каршы кызмат аркылуу казак бийлигинен коопсуздук кепилдигин сураганбыз.

Ошол эле учурда биз Казакстанга шектүүлөрдүн белгилүү чөйрөсү аныкталса гана барарыбызды белгилегенбиз. Болбосо казакстандык тергөөчүлөр өздөрү өлкөгө келип, бул жерден мени суракка алышы мүмкүн", - деди ал.

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
26.02.2022. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келип корсот эми, тынч отурбай ардекени бир жаздын.
Эки Элдин ортосуна чок салба!
26.02.2022. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жибербеш керек! Керек болсо өздөрү Кыргызстанга келишсин! Казахстандын поитикасына ишенбеш керек!
26.02.2022. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Барбай эле кой бир келесо жазып жатпайбы эки элдин ортосуна чок салба деп эч ким салган жок
26.02.2022. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир дура бар. Кыргызстанда 2 кыргыз жараны уруша кетип, бири экинчисин чаап жиберсе Оруссиянын элчилигинен тарта, Оруссиянын Окмотуно чейин Кыргызстандын иски саясатына аралашып, ал да аздай кыргыз жаранын жазалап жатса, Садыр баштаган кыргыздын лох бийлиги да, жогорудагыдай улутчул корунгон акмактар да оозуна суу толтуруп отурушкан. Ошондо каякта эле булар? Туштон кийин улутчул корунуп.
26.02.2022. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр менен Камчы Казахстанга аскер жонотуп жаткан чакта эмнеге айткан жоксун аларга, эки боордош элдин ортосуна чок салба деп?!

Казак элине каршы аскер жонотуу жеткен акмактык экенин эмнеге айтып чыкпадын ошондо?!
26.02.2022. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Барбаш керек. Керек болсо өздөрү келишсин! Рузахунов акылың болсо барба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: