super.kg logo

Украинадагы Кыргыз жараны: "Түндө Киевге жакын жерде нефтебаза жардырылды"

 

24-февралда башталган Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 4 күндөн бери уланууда. ТИМдин маалыматына ылайык, аталган өлкөдө 1000ден ашуун Кыргыз жараны бар. Киев шаарындагы мекендешибиз Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы соода-өнөр жай палатасынын өкүлү, жеке ишкер Азамат Исмаиловго байланышканыбызда, Киевде дүйшөмбүгө чейин коменданттык саат жарыяланганын билдирди.

"Түндө жардыруулар болду. Киевге жакын жерде нефтебаза жардырылды. Ал жактагы элди эвакуация кылуу чаралары болуп жатат. Орустар газ түтүктөрү, химиялык калдыктар болгон жерлерди жардырып жатат.

Биздин абал жакшы. Үйдөбүз. Кечээ саат 17:00дөн дүйшөмбү 08:00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.
Ушул күндөрдө Киевге чоң соккулар (авиасокку жана ракета атуулары) күтүлүүдө", - деп билдирди мекендешибиз Азамат Исмаилов.
Маалымат үчүн:
24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген. Кагылыш 4 күндөн бери уланууда.
Украинада аба каттамдары жабык болгондуктан ТИМ аталган өлкөдөгү Кыргыз жарандарын Венгрия, Румыния, Польша, Словакия аркылуу транзиттик жол менен эвакуацияланарын билдирген.
Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилигинде ыкчам байланыш номерлери иштеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: