UFC: Ислам Махачев турнирдин негизги беттешинде атаандашын нокаутка учуратты (видео)
Бүгүн, 27-февралда АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC Fight Night 202" турнири аяктады.
Турнирдин негизги беттешинде орусиялык мушкер Ислам Махачев менен америкалык Бобби Гриндин беттеши болду. Беттеш беш бөлүккө белгиленген. Бирок Ислам Махачев биринчи бөлүктө эле атаандашын техникалык нокаутка учуратып жеңишке жетти.
Муну менен Ислам Махачев мушкер карьерасындагы 22-жеңишине ээ болсо, Бобби Грин 13-жеңилүүсүн тартты.
2021-жылы Ислам Махачев жалпы үч беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.
Ислам Махачев атаандашын техникалык нокаут менен жеңди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.