Эки округ боюнча шайлоочулардын жалпы саны 219 миң 654тү түзөт
Эки округ боюнча шайлоочулардын жалпы саны 219 миң 654тү түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
№27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча кайра шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси жарыяланды.
Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги шайлоочулардын саны 219 миң 654, алардын ичинде 92 миң 587си – эркек, 127 миң 67си –аял:
№27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 113 миң 105 шайлоочу, алардын ичинде 47 миң 603ү – эркек, 65 миң 502и – аял;
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча 106 миң 549 шайлоочу, алардын ичинде 44 миң 984ү – эркек, 61 миң 565– аял.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.