super.kg logo

2008-жылы "Кызыл китепке" кирген ак аюулардын эл аралык күнү

 

27-февраль - Ак аюулардын эл аралык күнү. Бул күндү белгилөөнүн максаты - ак аюулар тууралуу маалымат таратуу жана аларды коргоо керектигине коомчулуктун көңүлүн буруу. Уюлдук аюулардын эл аралык майрамында экологиялык жана жаратылышты коргоо уюмдары түрдүү иш-чараларды өткөрүшөт. Орусия, Норвегия, Канада, Гренландия жана Америка кошмо штаттары (Аляска) майрамды чоң деңгээлде белгилейт.

2008-жылдын май айында АКШ бул жаныбарды "Кызыл китептеги" жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн катарына кошкон. Маалыматтарга караганда, Арктикадагы муздардын эриши 2050-жылда ак аюулардын үчтөн эки бөлүгүнүн жок болушуна алып келиши мүмкүн.

Чоң уюлдук аюулардын салмагы 350дөн 550 килограммга чейин жетет. Ал эми тарыхтагы эң чоң деп катталган ак аюунун салмагы 1 тоннаны түзгөн. Ургаачы аюулардын орточо салмагы 150дөн 300 килограммга чейин. Ак аюу, тамак-аш пирамидасынын чокусунда жайгашкан жырткыч. Арктикалык экосистеманын ичинде алар негизги таш түрү болуп саналат. Изилдөөчүлөр алардын жүрүм-турумун ошол аймактын экологиялык белгилери катары кабыл алышат.

27-февралдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: