Украинанын чек арасынан өткөн Кыргыз жарандары боюнча элчинин маалыматы

"Учурда айрымдары Украинанын Европа өлкөлөрү менен чектешкен өткөрмө пункттарына барышты. Ал жерде биздин жарандар үчүн Тышкы иштер министрлиги жана чет элдик мекемелер тарабынан түзүлгөн жашыл коридорлор бар. Жарандардын өлкө боюнча көчүп-конуп жүргөндүгүнө байланыштуу элчилик тизмелерди тактоо боюнча тынымсыз иш алып барууда", - деди элчи.
Учурда Украина менен Польшанын чек арасында 9 Кыргыз жараны бар.
"Акыркы 2 күндө Украина-Польша чек арасынан Кыргыз Республикасынын 15 жараны өтүп, мекенине учуп кетүү алдында турат. Украина-Молдавия чек арасынан 18 Кыргыз жараны өттү. Украина-Румыния чек арасынан 2 мекендешибиз өттү.
Жакынкы убакта 31 Кыргыз жараны Европа өлкөлөрү (Польша, Румыния, Словакия) менен чек арадан өтүүнү пландоодо", - деп кошумчалады Идрис Кадыркулов.
26-февралда элчиликтин ишеним телефону боюнча 100дөн ашык консультациялар берилип, консулдук бөлүм паспорту жок же мөөнөтү өтүп кеткен 10 жаранга убактылуу жүрүү документтерин берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.