Депутат: "Маркумдун көрүн казгандарга, жуугандарга деп сый акы бергенди токтотуу керек"
Бүгүн, 28-февралда той-аш өткөрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.
Депутат Айбек Маткеримов маркумду жуугандарга деп сый акы бергенди токтотуу керектигин айтты. "Маркумдун көрүн казгандарга, жуугандарга сый акылар берилип жатат. Ошолордун баарын токтотуу керек. Бул нерсе кийин алтын берүүгө айланып кетет. Бир жыл бою аза күтүп, кийин ак кийим кийгени тойго айланып кетип жатат. Биздин мындай салтыбыз болгон эмес да. Мунун баарын эске алып туура чечим чыгарабыз", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
-1

Жапаров олум-житимде мал союга тыю салды деп мамлекеттик телеканалдарда куну-туеу катуу реклама кылышты эле, мына Кочкордо бир акмакал каза болуптур, жергиликтуу атка минерлер маркумдун балдарына президенттин жарлыгын тушундуруп, маркумдун уулдары мал союдан баш тартыптыр дагы, ордуна 2 КОЙ союптур......
Бул эмне деген сандырактык? Жарлыктын манызы ушул беле? Маскарачылык!!!!!!!