super.kg logo

Баланы 1-класска киргизүү үчүн кайсы документтерди даярдоо зарыл? Кимдерге жеңилдик каралган?

 

2022-2023-жылдын окуу жылына карата 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо 11-апрелде башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт.

Каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтерди 11-апрелге чейин даярдоо сунушталат:

- паспорт;
- баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- ата-эненин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн паспортундагы персоналдуу идентификациялык номери;

- Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук каттоосундагы дарегин текшерүү зарыл.

Мектепке электрондук каттоо автоматташтырылган маалыматтык системанын программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:

  • аскер кызматчыларынын балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча;
  • тийиштүү маалымкатты берүү менен Кыргыз өлкөсүнө көчүп келген, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары.
  • ушул жылдын 15-сентябрына карата жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектеп мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.

Эскертүү: Жогорудагы жеңилдик алгандар 11-апрелге чейин иштеген жеринен маалымкат даярдашы зарыл.

Белгилей кетсек, электрондук каттоо 11-апрелде башталып, 24-июнда аяктайт. Ал эми каттоодон өткөн соң документтерди 1-августтан 15-сентябрга чейин кабыл алынган мектептерге тапшыруу зарыл.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: