super.kg logo

Жылнаама. 24-ноябрь: 1888-жылы америкалык педагог, психолог, жазуучу Дейл Карнеги туулган

 
*1888-жылы (125 жыл мурун) америкалык педагог, психолог, жазуучу Дейл Брекенридж Карнеги туулган. Жаштарды коммуникативдик жактан даярдоонун маанилүүлүгүн Америкада мамлекеттик деңгээлге алып чыккан Дейл Карнеги адамдардын карым-катнашы жана оратордук искусство боюнча институтту негиздеген. 
Карнегинин айтуусу боюнча коммуникабелдүүлүк ага адам катары калыптануусуна, турмуштан өз ордун табууга жардам берген. Анткени ал карым-катнаш жасай билүүнүн ыкмаларына ээ болуу менен өз күчүнө карата ишенбөөчүлүктү жеңе алган. Адамдар менен байланыш жасоонун ыкмаларына, өз көз карашына туура билүү менен аларга жетекчилик кыла алууга жетишкен. 
Дейл Карнеги тарабынан жазылган китеп анын мекенинде гана эмес, дүйнө жүзүнө таанымал кылган. 
*1941-жылы (72 жыл мурун)  советтик жана орусиялык телеалпаруучу Александр Васильевич Масляков туулган. Ал Орусиянын Маданиятына эмгеги сиңген ишмер, Орусия телевидение академиясынын академиги, ошондой эле көпчүлүк сүйүп көргөн белгилүү КВН телеберүүсүнүн туруктуу алпаруучусу, жетекчиси жана режиссёру катары көпчүлүккө таанылган.
*1981-жылы (32 жыл мурун) Легендарлуу ырчы Чубак Сатаевдин тун уулу Кубаныч Сатаев Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. Ал атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып элге тартуулап келет. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.11.2013. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менден анык 100 жашка чон экен го)))
24.11.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун менин суйуктуу жарым,баламын апасы Кызбурактын (Абдыбасы кызы) туулган куну.23 жашка толду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: