super.kg logo

Айкөл Аликжанова кайрылуу жасады: "Жолдошумдун бардык аракеттери мекенге жардам берүү үчүн гана болгон"

 

Кыргыз модели Айкөл Аликжанова жолдошу "Дикий Арман" каймана ат менен таанымал кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин иши боюнча кайрылуу жасады. Анда модель Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден тергөөнүн адилеттүүлүгүнө көзөмөл кылууну суранат.

"Урматтуу Токаев, менин сөздөрүмдү эске алып, тергөөнүн объективдүүлүгүн көзөмөлгө алууңузду суранам. Жолдошумдун бардык аракеттери ата мекенге жардам берүү үчүн гана болгон. Ал эч качан саясатка кызыккан эмес жана бул жаатта тынчтыкты сактоо миссиясын гана жетектеген. Чагымчылдыкка алдырбагыла. Аны кайра үй-бүлөсүнө кайтаргыла", - деп айтылат билдирүүдө.

Айкөл Аликжанова окуя туурасында түшүндүрмө берип, бардык факторлор эске алынарын кошумчалайт. Айтымында, жолдошу кызынын туулган күнүн белгилөө үчүн Казакстанга келген.

"Январь окуялары башталганда кызым экөөбүз педиатрдын текшерүүсүнөн өтүү үчүн ооруканага барганбыз. Ошондо Арман телефон чалып митинг болуп жатканын, үйгө баруубузду айтты. Үйгө келгенден кийин дагы сүйлөшкөнүбүздө митингге чыккандар көбөйүп жатканын, абал олуттуу болуп баштаганын, үйдөн эч жакка чыкпай отуруубузду эскертти. Ошол учурда өзү мейманканада болчу. Анын кызы менен жубайы окуянын очогунда болду, ага баш аламандыкты уюштуруунун кандай пайдасы бар эле?", - деген ал.

Белгилей кетсек, Казакстанда январь айындагы баш аламандыкта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Кармалгандардын арасында кримтөбөл, "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиев жана анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бар экени кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
28.02.2022. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз Элин жамандапбы
28.02.2022. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
[moderated] куникго.
28.02.2022. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арабкулго! Бул жанылык неге турат? Кыргызды каралаган инсандын аялы.
28.02.2022. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ниндзя болуп кеткен го
28.02.2022. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дикая Айкол го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: