super.kg logo

Парламент комитетинде Бишкектеги абанын булганышын төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө токтомдун аткарылышы талкууланды

 

Бүгүн, 28-февралда парламент комитетинде Бишкектеги абанын булганышын төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө токтомдун аткарылышы талкууланды.

Жыйында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Канатбек Садыков баяндама жасады.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев жаңы конуштарда сейил бак зоналары жок экенин жүйө келтирип, ирригациялык системанын жоктугунан “Тынчтык” жаңы конушундагы бак-дарактар куурап жатканын кошумчалады. Муну менен катар көчөлөрдү жууп, сугаруу жана нымдоо технологияларын колдонуу демилгесин карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле депутаттар Алишер Козуев менен Мирлан Самыйкожо абанын булганышынын деңгээли автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардан улам көтөрүлүп жатканын белгилеп, унаалардын катализаторлорун алып-саткандарга чара көрүү маселесин көтөрүштү.

Бир катар депутаттар Бишкек шаарынын ирригация системасын калыбына келтирүү керектигин айтып, көп кабаттуу үйлөрдү курууда экологиялык, санитардык ченемдерди сактоо менен шамалдын багытын да эске алуу керектигин кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: