super.kg logo

Акылбек Жапаров өлкөнүн калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө 2018-2025-жылдарга Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн программаны ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди аткарууга 350 миллион сом бөлүүнү тапшырды. Тармактык ведомстволорго 20 пилоттук шаардын башкы планын иштеп чыгуу, ошондой эле чек арадагы калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгууну жыйынтыктоосу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: