"Агып чыгышы көп". Токтогул суу сактагычындагы суу канча метр кубду түздү?
28-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 180 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 163 метр куб, агып чыгышы 434 метр кубду түзүүдө.
Былтыр, 2021-жылдын 28-февралында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 631 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.