super.kg logo
  Спорт  

"Олимпиада чемпиону болом". Дагестандан алтын утуп келген 12 жаштагы суусамырлык спортчу менен маек

 

Суусамыр өрөөнүнүн Биринчи Май айылынын 12 жаштагы тургуну Эржан Токтосунов 19-20-февралда Дагестан өлкөсүндө өткөн ACE аталышындагы "Мыктылардын мыктысы" панкратион боюнча ачык турнирде алтын медаль утуп келди. Ал аталган айылдагы С.Карабеков атындагы орто мектептин 5-классынын окуучусу. Жаш спортчу SUPER.KG порталына эмоциялары менен бөлүштү.

- Салам, Эржан. Жеңишиң кут болсун! Кандайча спорт дүйнөсүнө аралашып калдың?

- Саламатсызбы? Атам Токтобек Арзыгулов эрежесиз эр уруш боюнча эки жолку дүйнө чемпиону. Ал мени төрт жашымдан тарта машыктырды. Ал кезде спорттун белгилүү бир түрү менен машыкпасам да чуркатып, турникке тартынтып, физикалык көнүгүүлөрдү жасатчу.

- Жакшы. Эрежесиз эр уруш боюнча канча жашыңдан тарта машыга баштадың?

- Мени атам 11 жашымдан тарта машыктыра баштады. Ага чейин пенченштрат менен машыгып, чемпион болгом.

- Дагестанга кандайча барып калдың?

- Бишкек шаарында өткөн турнирге катышып, финалга чыктым. Бирок финалдан жеңилип калдым. Ошого карабастан мага Дагестанга барууга жолдомо беришти. Жыйынтыгында 1-орунду багындырып, алтын медаль утуп келдим.

- Дагестанга барасың дегенди укканда толкундандыңбы?

- Ооба, толкундандым. Жоопкерчиликти сезип жигердүү машыктым.

- Эл аралык турнирде алтын медаль тагынганда кандай сезимдер болду?

- Алтын утканда аябай сүйүндүм. Туугандарымдын, айылдаштарымдын ишеничин актадым деп ойлойм. Машыктыруучума рахмат. Атам болбосо жеңишке жетпейт элем.

- Келечекте кандай максаттарың бар?

- Спорт менен машыгууну улантам. Олимпиада чемпиону болгончо машыгам. Андан кийин да спорт менен машыгууну улантам.

- Чоң рахмат. Тилегиң орундалсын. Сага кең келечек каалайбыз.






Эржан Токтосунов

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: