super.kg logo

Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына 6 кызматтык унаа тапшырылды

 

Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына 6 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткенде президенттин жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларын жана министрдин талаптарын аткаруу боюнча жыйын өткөн. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Байыш Ашырбеков, аталган башкармалыктын штаб жетекчиси Өткүр Умаров, облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары Абдыбасыт Исаев катышкан.

Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилиги иш сапардын алкагында Баткен шаарында, Баткен районунда, Лейлек районунда, Сүлүктү шаарында болгон. Анда билим берүү, жол тейлөө мекемелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл башчылары менен жолугушуп, жол кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары Ички иштер министрлиги тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында кызматтык унаалар алынып, Баткен ОИИБине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына да бардык жабдыктар менен жабдылган жаңы 6 унаа берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: