super.kg logo

1-март Адвокаттар күнү деп белгиленет. Акылбек Жапаров адвокаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров адвокаттарды (жактоочуларды) кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз мамлекетинде адвокат кесибине 97 жыл толду. Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз адвокатурасынын тарыхы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөн күндөн тартып эсептелет.

Дал ушул Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин РСФСРдин Кара-Кыргыз автономдуу облусунун революциялык комитетинин президиумунун 1925-жылдын 1-мартындагы №45 токтому менен 3 адамдан турган биринчи жактоочулар коллегиясы түзүлгөн.

Азыркы мезгилде адвокаттардан жарандардын арасында укуктук туура аң-сезимди калыптандыруу үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүнү, инсандык сапаттарын өстүрүүнү, юридикалык жардамдын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууну гана эмес, ошондой эле жеке кайраттуулукту да талап кылат. Адвокат болуу ар бир адамдын колунан келе бербеген чоң сыймык жана жоопкерчилик.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында адвокаттын макамын жогорулатуу максатында Адвокаттар (жактоочулар) күнүн кесиптик майрам катары жыл сайын 1-мартта белгилөө жөнүндө токтомуна 28-февралда кол койдум", - деп куттуктады Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: