Парламент комитетинде КТРКнын макамын өзгөртүү сунушталууда
Бүгүн, 1-мартта парламент комитетинде КТРКнын макамын өзгөртүү сунушталууда.
Жыйында баяндама жасаган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов аталган мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы 5-майда кыргыз элине кайрылуусунда айткан маселени ишке ашыруу максатында даярдалганын белгиледи. “Анда мамлекет башчы Коомдук телерадио берүү корпорациясын реформалоо зарылдыгы тууралуу айткан. Ошондой эле 2021-жылы 2-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ж.Бакашованын “КТРКны реформалоо жана аны Улуттук телерадио берүү корпорациясына айландыруу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун президенттин администрациясына киргизүү жөнүндө тапшырмасын аткаруу багытында иштелип чыкты”, – деди ал.
Талкуу маалында депутат Аида Исатбек кызы КТРКнын макамын өзгөртүүгө эмне түрткү берип жатканына кызыкты.
Өз кезегинде КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев коомдук деп аталганы менен мамлекеттик мекеме катары бюджеттен каржыланып келгенин белгилеп, кайра мурдагыдай улуттук макам алуунун маанилүүлүгүнө токтолду. “Эгер коомдук деп аталган болсо, анда мамлекеттин бюджетинен каржыланбашы керек”, – деди корпорация жетекчиси.
Ал эми депутат Гүлкан Молдобекова мыйзамды колдой тургандыгын айтты. “Мындан ары да бардык милдеттерди так аткаруу менен сөз эркиндигин жана бейтараптуулукту камсыздоого багытталган редакциялык саясатты уланта бересиздер деген ишеничтемин”, – деди.
Талкуу маалында депутаттар коомду агартууга, маданий баалуулуктарды жайылтууга жана улуттук идеологияны калыптандырууга багытталган материалдарды даярдоо тууралуу сунуш-пикирлер айтылып, мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

