COVID-19: Бүгүндөн баштап өлкөгө кирүүнүн жаңыланган эрежелери күчүнө кирди
Бүгүн, 1-марттан тарта COVID-19 шарттарында Кыргыз өлкөсүнө кирүүнүн жаңыланган эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка караганда, ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосундагы 12 жашка чейинки балдардан ПЦР-анализ же эмдөө тууралуу сертификат талап кылынбайт.
Чек арадан унаа менен өтүүнү/конууну каттоодо авиакомпания өкүлдөрүнө кызматкерлерине акыркы 72 саатта жасалган ПЦР-изилдөөнүн терс жыйынтыгы же коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын күбөлөндүргөн документ (кагаз же санариптик түрдө) көрсөтүлөт.
ПЦР-тесттин жарактуулук мөөнөтү учуу, авиакаттамдардын кечигүүсү/транзиттик жүрүүгө байланыштуу объективдүү себептер боюнча аяктагандан кийин Кыргыз жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар экспресс-тесттен өтүүгө милдеттүү экенин республикалык штабдын маалыматында жазылат.

