super.kg logo

Москвада Тажикстандын суроо-талабы боюнча Кыргыз жараны кармалды

 

Орусиянын Москва шаарында Тажикстандын суроо-талабы боюнча Замирбек Досматов аттуу Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, 23-февралда Тажикстандын кайрылуусу менен Москва шаарынын полициясы тарабынан Кыргыз жараны Замирбек Досматов кармалган.

"25-февралда элчиликтин кызматкери полиция бөлүмүнө барган, анын жүрүшүндө анын кармалгандыгы тууралуу факты тастыкталды.

Бар болгон маалыматтарга ылайык, Кыргыз жараны Тажикстан Республикасынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Орусия Федерациясынын аймагында болгон. Кыргыз жараны Замирбек Досматовго карата козголгон кылмыш ишинин бурмаланганын, ошондой эле ага кылмыш жасаган деген айыптын негизсиздигин жана мыйзамсыздыгын тастыктай турган документалдуу ырастоо күтүлүүдө", - деп билдиришти элчиликтен.

Элчилик тарабынан жогорудагы маселе боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Буга чейин 24.kg сайтына Досматовдун бир тууганы кайрылып, инисинин күнөөсү жок экендигин айтып, бийликтен жардам сураган. Анын айтымына караганда, алар Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургундары. Тажикстан тарап Замирбек Досматовго 2019-жылы болгон чек ара чырында катыштыгы бар деп издөө жарыялаган. Бирок иниси 2017-жылдан бери Москвада экендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: