super.kg logo

Москвада 17-кабаттан кулаган Кыргыз жарандары: 23 жаштагы кыз каза болду

 
Москва облусундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги турак үйдүн 17-кабатынан кулаган эки Кыргыз жаранынын бирөө каза болуп, бирөө оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Орусиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Москва облусундагы турак үйлөрдүн биринин 17-кабатынан кулап кетүүнүн кесепетинен 1998-жылы туулган С.Ж.Д. аттуу Кыргыз жараны каза болуп, 1995-жылы туулган Б.Н. аттуу Кыргыз жараны оор абалда медициналык мекемеде жатат.
"Элчилик тергөөчү, маркумдун жакындары жана жабыркагандар менен байланышта. Учурда окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти элчиликтен.
Буга чейин, 17-кабаттан кулаган жарандар достору менен эс алып отуруп чыр чыгып кеткенден кийин кыз терезени ачып секирүүгө аракет кылып, натыйжада экөө тең кулап кеткендигин орусиялык басылмалар жазган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: