Бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы депутат Эмил Жамгырчиев ант берет
Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеште жаңы депутат Эмил Жамгырчиев ант берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Ал "Альянс" фракциясынан Алтынбек Сулаймановдун ордуна депутат болуп келди.
Алтынбек Сулайманов 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Эске салсак, Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов 2020-жылдын 19-октябрында УКМК тарабынан кармалган. Алар аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишин оң жагына чечкени үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. 2021-жылы мамлекетке келтирилген 20 миллион сом зыян төлөнгөн.
2021-жылы ноябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан жоюлуп кеткен Финпол кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев акталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.