БШКнын депозит эсебине түшкөн шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 5 миллион 600 миң сомду түздү
Борбордук шайлоо комиссиясынын депозит эсебине түшкөн шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 5 миллион 600 миң сомду түздү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Шайлоо мезгилинде БШК бир талапкерди каттоодон баш тартты, 3 талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. 400 миң сом суммасындагы акча каражаты аларга кайтарылып берилди. Бир талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. Ал төккөн 100 миң сом суммасындагы шайлоо күрөөсү республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.